• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков Марат Аманкуловдун сүйлөгөн сөзү боюнча билдирүү жасады

28 Аяк оона 2020 16:52 Бишкек Govori.TV

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков «Биримдиктин» лидери Марат Аманкуловдун сүйлөгөн сөзү тууралуу билдирүү таратты.

Саясатчынын билдирүүсүнүн толук тексти:

Кыргызстандын 30 жылдык эгемендигинин тажрыйбасы республиканын жетекчилиги мамлекеттин көз карандысыздыгы менен эгемендигинин принциптерин толук кандуу коргой албаганын көсөттү.
Башкы президенттик партия “Биримдиктин” лидери Марат Аманкуловдун “Кыргызстан көз карандысыздыкка берилип кетти, эми үйгө кайтаар мезгил келди” деген билдирүүсү жагалдануу менен коркунучтуу принципсиздикке чылгый сугарылган. Анын ой жүгүртүүсүнүн деңгээли абдан таң калтырат.
Эмне үчүн өлкө жетекчилиги примитивдүү тышкы саясат жүргүзүп жатканы жана Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгын коргоодо жөндөмсүздүгүн көрсөтүп жатканы түшүнүктүү болууда. Бул тышкы саясат жана чек ара көйгөйлөрүнөн да, ЕАЭБдин алкагындагы соода-экономикалык кызматташтыктан да көрүнүп турат.

Эске салсак, Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү жазылган кыска видеотасма интернетте 26-сентябрда тараган. Анда саясатчы «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат» деп билдирген. Бул коомчулукта кескин сын жана кызуу талкуу жаратууда.

27-сентябрда жарандык коом Аманкуловдун айткан сөзүнө чара көрүүнү сурангандар Ала-Тоо аянтына нааразычылык акциясына чыгышкан.

Марат Аманкулов сынга кабылып жаткан видеотасмага комментарий берип, аны атайын жасалган чагым деп баалады.

Количество просмотров: 6113