• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жээнбеков: Next TV каналынын жабылышы сөз эркиндигине болуп жаткан басым

22 Жалган куран 2022 13:25 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 22-мартта Next TV телеканалынын арызын канааттандырган жок. Каналдын жетекчилиги 3-марттан бери жабык турган кеңсеге кирүүгө уруксат берүүнү өтүнүп сотко кайрылган.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун айтымында, Next TV каналынын жабылышы сөз эркиндигине болуп жаткан басым.

«Мамлекетте сөз эркиндиги болбосо эч кандай өнүгүү болбойт. Өлкөдө социалдык жана экономикалык маселелер чечилбейт. Бийлик канчалык сөз эркиндигин чектесе ошончолук өзүнүн абалы начарлайт. Next TV эфирге чыкпай койсо болот, бирок аталган телеканалдын жабылышы сөз эркиндигине жана демократияга болуп жаткан басым»,-деди ал.

Эске салсак, Next TV телеканалына Жазык кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен иш козголду. Ага телеканалдын социалдык барактары аркылуу Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисине шилтеме берип, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген кабар жайгаштырганы себеп болгон. Ошол эле күнү кечинде телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиев менен эфирдик инженер Таалай Бейшембаевди УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Мындан сырткары каналдын эфирлери токтотулуп, 5 компьютери конфискацияланган. 

Количество просмотров: 197