• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жээнбеков ооруканага жаткырылды

15 Бирдин айы 2023 10:00 Бишкек Govori.TV

Абакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу анын жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, саясатчы жеке клиникага боору ооруп, оор дарыларды ичүү зарылдыгынан улам жаткырылган.

Буга чейин Жээнбеков ден соолугунун начарлап кеткенине нааразы болгон.

Эске салсак, 23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы болгон бир катар саясатчылар менен активисттердин үйү тинтүүгө алынып,өзүлөрү камалган. Аларга карата массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгог.

Количество просмотров: 57