«Дүйнөдө COVID илдети дагы деле кооптуу бойдон калууда. Муну элибиз да, баарыбыз тең көрүп жатабыз», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда, Коомдук телерадио корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.
Мамлекет башчысы Россия Федерациясы дүйнөдө биринчи болуп коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыккандыгына токтолду.
«Клиникалык сыноолордон өттү деп маалыматтарды беришти. Россия Федерациясы акыркы күндөрү вакцинаны колдонууга киргизишти. Жакынкы убакытта вакцина массалык чыгарылат деп ишенем. Биз үчүн да вакцинаны өлкөгө алып келүү абдан маанилүү. Илдетке каршы күрөшүү иш-чаралардын алкагында биздин эки өлкөнүн тийиштүү органдары вакцинаны Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат», — деди Сооронбай Жээнбеков.