Саясатчы Равшан Жээнбеков 2-июлга караган түнү сурактар чыкты. Бул тууралуу саясатчы өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Саат түнкү 2:30 да мени кое беришти. Мени менен эмне кылышпасын, мен эркин, демократиялуу өлкө үчүн күрөшө берем»,-деди ал.
Жээнбеков 1-июлдун кечинде милиция бөлүмүнө жеткирилгени белгилүү болгон. Ал Кыргызстандын тышкы карызына байланыштуу социалдык тармактарга жазган посту үчүн суракка чакырылган.