• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жээнбеков УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жоюп кеткени айтылды

16 Тогуздун айы 2020 22:00 Бишкек Govori.TV

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетердин алдында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жоюу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бул тууралуу жарлык бүгүн, 16-октябрда мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитинде жарыяланган жана жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бекбосун Апсатаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары рангындагы Антикоррупциялык кызматтын директору болуп дайындалган болчу.

Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистен улам Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетүүгө мажбур болду. Ал 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бийликтен кетиши тууралуу билдирүү жасады.

Количество просмотров: 230