Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөт башчыларын жана анын мүчөлөрүн бекитүү тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жогорку Кеңеш 14-октябрдагы кезексиз сессиясында Жапаровду Кыргызстандын өкмөт башчысы кылып шайлады.
Ал 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына карата нааразылык акциясы жапырт тополоң менен коштолгон 6-октябрга оогон түнү түрмөдөн бошотулган.
Садыр Жапаровдун тарапкерлерибиз дегендер анын дарегине сын-пикир айткан саясатчыларды, буга чейин аны премьерликке шайлоо боюнча кезексиз сессияларда кворум чогулбай калганы тууралуу маселени көтөрүп чыккандарды жана бул тууралуу жазган маалымат каражаттарын, журналисттерди коркуткан, опузалаган ар кандай билдирүүлөрү жазып, айтып келатышат.