• Ишенби 31 Тогуздун айы 2020

Жээнбеков жарандарды жоопкерчиликтүү болууга чакырды

26 сентября 2020 в 17:21 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус маселесин чечүүдө бардык жарандарды жоопкерчиликтүү болууга чакырат. Ар бир жаран өзүн сактоону үйрөнүшү керек, деди өлкө башчы «Биринчи радионун» эфириндеги кезектеги мектешүүдө.

«Карантин киргизиш оңой, ал жеңил. Баарын жаап салабыз, бардык кыймыл токтойт. Аны менен маселе чечилбейт да.

Башында билесиздер, март жана апрель айларында элди санитардык эрежелерге көндүрөлү деп карантин киргиздик. Ал өзүнүн эффектисин берди. Бирок карантин алынгандан кийин ошол санитардык эрежелерди, социалдык дистанцияны сактабай, кайдыгер мамиле менен, кээ бир саясатчылардын оору жок дегенине эл ишенип чыгып алды. Ошонун жыйынтыгы менен июнь-июль айларында абдан кыйналдык. Оору аябай таркап, ооруканалар, медиктер элге медициналык жардам көрсөткөнгө үлгүрбөй, кандай кыйынчылыктар болгонун көрдүк да. Ошол үчүн ар бирибиз жооптуу болуп, карантинге ишенбей, ар адам өзүнө тыюу салганды үйрөнүшү керек. Өзүн сактаганды үйрөнүшү керек жана ар адам жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек. Ошондо карантиндик режим сакталат», – деди С.Жээнбеков.

Количество просмотров: 56