• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жээнбековдун баласы УКМКга суракка чакыртылды

1 Чын куран 202213:54 Бишкек Govori.TV

Next TV телеканалынын ээси Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

«Бүгүн саат 15:00дө “Next” телеканалына карата жасалма кылмыш иши боюнча УКМКга күбө катары чакырылдым. Мен муну өлкөдөгү сөз эркиндигине, мага жана менин үй-бүлөмө кысым деп эсептейм», — деп жазган Азат Равшан.

Нет описания фото.

Буга чейин жарандык активист, саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева Next TV телеканалына байланыштуу 1-апрелде саат 16.00го суракка чакырылганын жазган.

Количество просмотров: 5381