• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнбековдун иши боюнча тергөө аяктады

28 Үчтүн айы 2020 10:48 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Равшан Жээнбековдун иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу анын жактоочусу кабарлады. Анын айтымында учурда тараптар тергөө материалдары менен таанышууда.

Кошумчалай кетсек, бүгүн 28-январда Равшан Жээнбековдун камалышына байланыштуу анын тарапкерлери жана жарандык активисттер басма сөз жыйынын өткөрүшөт. Алар саясатчы ак жерден айыпка жыгылып, саясий куугунтукка кабылды деп эсептешет.

Равшан Жээнбековду 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармаган. Ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») кошулганы кабарланган.

Количество просмотров: 307