• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбековдун иши боюнча укук коргоочулар президентке кайрылышты

6 Бештин айы 2021 14:52 Бишкек Govori.TV

Бир катар укук коргоочулар камактагы саясатчы Равшан Жээнбековду эркиндикке чыгаруу маселеси менен президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

Укук коргоочулар кодекс эрежелеринин «тандалма жүрүп жатканын» айтып, Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев бошотулганын мисал келтиришкен.

Ондон ашуун укук коргоочу кол койгон кайрылууда белгиленгендей, «Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, эгерде айыпталуучуга карата соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек болсо жана тергөө абагында кармоо мөөнөтү бир жылдан ашса, анын бөгөт чарасы өзгөртүлүшү керек.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбевди кармоо операциясындагы окуяларга айыпталып, камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган. Кийин саясатчы үй камагынын талаптарын бузганы жүйө келтирилип, кайра камоо чечими чыккан.

Количество просмотров: 273