• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жээнбековдун кудасына мыйзамсыз баюу фактысы боюнча иш козголду (сүрөт)

1 Жалган куран 2021 18:06 Бишкек Govori.TV

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына карата сотко чейинки өндүрүш катталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Абжалиев тарабынан мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды.

«Такталгандай, Абжалиев ЖКнын депутаты болуп туруп, ошондой эле КР экс-президенти менен тууганчылыгын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине активдүү кийлигишип, жеке структуралардын кызыкчылыктарын лоббиялоо менен мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы алектенип жүргөндүгү аныкталды. Ошондой эле Абжалиев мамлекеттик кызматтарда иштеп, өзүнүн расмий кирешесинен көп мүлктүк активдерди, атап айтканда 20дан ашык элиталык батирлерди, Бишкек шаарынын VIP шаарчаларында турак үйлөрдү, Ысык-Көл облусундагы пансионатты, Ысык-Көл жана Чүйдөгү жер тилкелери, ошондой эле Түркияда жана БАЭдеги кыймылсыз мүлкү аныкталды.

Аны менен катар Абжалиев Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине олуттуу каражат жумшаган жана башка коммерциялык объектилерде, тактап айтканда, Каинда кабель заводунда, ошондой эле көмүр жана алтын кендерин каржылаган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда, көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Абжалиевдин бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоого багытталган кошумча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 473