Сооронбай Жээнбековдун отставкасы боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мамлекет башчынын пресс-катчысы Толгонай Стамалиева билдирген.
Бүгүн экс-премьер-министр Феликс Кулов, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин экс-спикерлери Өмүрбек Текебаев жана Абдыганы Эркебаев сүйлөшүүлөргө тартылган. Алар азыр президенттин кызматтан кетишине каршы. Толгонай Стамалиева бул маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.