• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жеке ишканага каракчылык менен кол салгандардын башкы уюштуруучусу кармалды

13 Үчтүн айы 2023 12:17 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери каракчылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 9-январь күнү ички иштер органдарына чет өлкөнүн жарандары кайрылып, мүлктү ээлеп алуу максатында каракчылык менен кол салгандарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан. 9-январь күнү болжол менен саат 05:00 чамасында Сокулук районунда жайгашкан жеке ишкананын имаратына куралданган бет капчан белгисиз адамдар кирип келишип, күч колдонушуп, курал менен коркутушуп, 650 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Кылмыш жасалган учурда имараттын ичинде фирманын төрт кызматкери болгон.

Бул факты Чүй облусунун Сокулук РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 3-бөлүмүндө (Каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

«Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1989-жылы туулган Ш.А. кармалган. Аны кармоо учурунда 9 мм калибрдеги “Макаров” тапанчасына окшош курал табылып алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Андан сырткары, бул кылмыш ишине тиешеси бар үч жаран кармалды. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1792