• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жеке ишкер 300 орундуу тойканасын оорукана катары берүүгө даяр экенин билдирди 

1 Теке 2020 14:26 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын бөлүм башчысы, жеке ишкер Базарбай Мусабеков өзүнүн 300 орундуу тойканасын коронавирус пандемиясынан кутулуу максатында госпиталь катары колдонууга берүүгө даяр. Мындай билдирүүнү ал өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал жерге болгону дарыгерлер керек. 

«Урматтуу туугандар өлкөнү каптаган пандемияга каршы туруу максатында, мамлекетибизде имарат жетишпей жаткан болсо, 300 оорундуу «Карагат» тойканасын берүүгө даярмын», — деп жазган өз билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 1-июлга карата республика боюнча коронавирустун 439 жаңы учуру катталды. 

Количество просмотров: 204