• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Жер титирегенде эмне кылуу керек? Эрежелер…

4 Жалган куран 202413:54 Бишкек Govori.TV

Жер титирөөдө өзүн алып жүрүү эрежеси менен таанышып алыңыз:

Эгерде сиз көп кабаттуу үйдүн 1-кабатында же болбосо жер үйдө жашасаңыз тезинен коопсуз жерге чыгуу зарыл;

— Көп кабаттуу үйдүн экинчи же андан жогорку кабаттарында болсоңуз, имараттан чыгып кетүүгө аракет кылбаңыз;

— Лифт колдонууга жана тепкич менен түшүүгө болбойт;

— Керектүү документтер, буюмдар салынган баштыкты даярдап коюңуз;

— Эң башкысы дүрбөлөңгө түшпөңүз;

— Жер титирөөдө терезеден оолак болууну унутпайлы;

— Негизги дубалдардын бириккен жеринде туруңуз;

— Бийик имараттардын жанында болсоңуз, урандылардан жаракаталбаш үчүн ачык жерге баруу зарыл;

— Жогорку кабаттан секирбеңиз;

— Керебеттин жана столдун астына жашынбаңыз;

— Үзүлгөн электр чубалгыларынан оолак болуңуз.

— Өзгөчө кырдаалдардан турак-жайыңызды камсыздандыруу зарыл.

— “112” кызматына маалымат бериңиз.

Количество просмотров: 142