• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жергиликтүү 2 судья ротацияланды

12 Баш оона 2020 10:00 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков айрым жергиликтүү сотторду которуу (ротациялоо) жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө андан ары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Абылакимов Абдимиталип Абдибалиевич Жалал-Абад облустук сотунан Баткен облустук сотуна, Жороев Султангазы Золотунович Баткен облустук сотунан Жалал-Абад облустук сотуна которулду.

Буга байланыштуу «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мындай ротациялоо процедурасы эки тараптын тең судьяларынын макулдугу менен ишке ашырылат.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 77