• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жергиликтүү бийлик органдарында бир катар кадрдык дайындоолор болду

29 Чын куран 2023 14:22 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бир катар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын – райондордун акимдерин дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык:

  • Набиев Адыбек Асанович — Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;
  • Субагожоев Жакыпбек Мойдунович — Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;
  • Бахавадинов Эрмек Ибрагимович — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун тескемелери менен:

  • Манапов Уристем Ибраимович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалып, мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Тургунбаев Зарлык Тургунбаевич — Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды;
  • Бактыгулов Турсунбек Аманбекович — Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды;
  • Мамадалиев Шакир Шамшидинович — Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды;
  • Осмонов Бактыбек Арапбаевич — Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин орун басары болуп дайындалып, мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка адилет жеткиликтүүлүктү камсыздоо, дискриминацияга жол бербөө, кесипкөй мамлекеттик аппаратты калыптандыруу негизги милдет болуп саналат.

Жаңы мамлекеттик саясаттын алкагында бардык дайындоолор региондук кадр резервинен алынып, жүргүзүлөт, анда протекционизм, колдоочу же патронаж аркылуу дайындоолор жокко чыгарылат жана мамлекеттик кызматкерлерге карьералык мүмкүнчүлүктөр каралган.

Региондук резервди түзүүнүн негизги максаты – жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана алардын орун басарларынын бош кызмат орундарын квалификациялуу жана келечектүү башкаруучу кадрлар менен өз убагында алмаштыруу.

Бул кадрдык дайындоолор башкаруу ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 333