• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө

11 Чын куран 2021 8:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтүүдө. Жалпы 448 жергиликтүү кеңеш бар. Анын 420сы — айылдык кеңеш, 28и — шаардык кеңеш. Үгүт башталгандан бери талапкерлер жана партиялар болушунча убада берип жатат — айрымдары калкты коронавируска каршы вакцина менен камсыз кылабыз десе, башкалары Бишкекте 2040-жылы Олимпиаданы өткөрүүнү пландап жатышат, калгандары шаардын айланасындагы жаңы конуштарга кичирайон макамын берүүнү сунушташууда.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын кандай ыйгарым укуктары бар?

Жергиликтүү кеңештин депутатынын милдети — өз шаарын же айылын өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү тургундардын турмуш шартын жакшыртуу. Бул үчүн депутаттар маданий-экономикалык өнүктүрүү жана жарандар үчүн социалдык коргоо программаларын жазышат.

Бул программалар ишке ашыруу үчүн жергиликтүү кеңештер мэрди, вице-мэрди / айыл башчысын, «Бишкекжашылчарба» же «Тазалык» сыяктуу муниципалдык кызматтардын жетекчилерин шайлашат. Шайланган аткаминерлер өз кезегинде депутаттардын алдында аткарылган жумуштар жөнүндө отчёт беришет.

Шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттары жергиликтүү бюджетти бекитишет, ошондой эле анын туура өздөштүрүлүшүнө көзөмөл жүргүзүшөт. Муниципалитет же айыл башчысы акча каражаттары кантип сарпталганы боюнча депутаттардын алдында отчёт берет.

Эгер депутаттар мэрия өз ишин туура эмес, же сапатсыз аткарып жатат деп эсептешсе, алар мэрге сөгүш жарыялап, а түгүл аны жумушунан да кетире алышат. Айылдык кеңештин депутаттарынын деле ушундай ыйгарымдары бар.

Количество просмотров: 50