• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо убактысы абал жакшырмайынча жарыяланбайт

29 Кулжа 2020 14:28 Бишкек Govori.TV

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун датасы эпидемиологиялык абал турукташмайынча жарыяланбайт  Бул тууралуу 24.kg агенттиги Борбордук шайлоо комиссиясынын берген маалыматына таянып жазды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтуусунда, учурда эпидемиологиялык абал оор болуп турат.

«Парламенттик шайлоо Конституцияда белгиленген мөөнөттө өтүшү мүмкүн, бирок бардык санитардык нормалар жана талаптарды сактоо менен», – деп билдирген  Бекматов.

Кыргызстанда 12-апрелде беш шаар жана 25 айылдык кеңешке шайлоо өтмөк. Буга чейин Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерин шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия катталган. Алар 13-марттан тартып үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жаткан. Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин үгүт иштери 22-мартта башталмак.

Коопсуздук кеңешинин 21-марттагы чечими менен эпидемиологиялык абал калыбына келгенге чейин шайлоого байланыштуу бардык өнөктүк, үгүт иштери токтотулган болчу.

Количество просмотров: 22