• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жети-Өгүз районунда сел жүрдү

2 Баш оона 2020 10:27 Бишкек Govori.TV

Жети-Өгүз районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жети-Өгүз айылынан Көк-Жайык жайлоосуна бара жаткан унаа жолдо сел жүрүп, унаа жол толугу менен жабылган.

Жеринде тиешелүү иш алып баруу үчүн Жети-Өгүз РМАнын башчысы, Жети-Өгүз райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ, куткаруучулар, Жети-Өгүз айыл аймагынын башчысы, №35 ЖТИден 1 жүктөгүч, айыл аймактан 1 спринтер жана 5 жеке жеңил унаалар тартылган.

Жети-Өгүз айыл өкмөтүнөн тартылган унаалардын жардамында, жолдон өтө албай калган эс алуучуларды Жети-Өгүз курортуна алып келишкен. Болжол менен 150-200 адам. Ал эми унаа жол саат 22:00 чамасында бир тараптуу тазаланып ачылган.

Бүгүн, 2-август күнү жолду тазалоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 369