Аталган мекеменин маалыматына караганда, 2018-2019-жылы өлкө үчүн 2 млн 300 миң тонна көмүр даярдалган. Анын 1 млн тоннасы Бишкек жылуулук электр борборуна бөлүнгөн.
Ошондой эле, анын 600 миң тоннасы жергиликтүү кара алтын болсо, калган 400 миң тоннасы Казакстандан келет. Жылуулук борбор үчүн Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна, ал эми Кабак көмүр бассейнинен 550 миң тонна көмүр келиши керек. Жылуулук борбор модернизациядан өткөнгө чейин 50 миң тонна гана жергиликтүү көмүр иштетип келген.