• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Р.Жээнбеков: «Атамбаевди төрт себеп менен камай алышпайт» (видео)

22 Тогуздун айы 2018 14:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.10.2018.Govori.TV.
 Атамбаевди төрт себеп менен камай албайт. Бул туурасында коомдук ишмер,Равшан Жээнбеков айтты.
«Биринчиден Орусия жол бербейт. Анткени Россиянын саясий маданиятында, алардын таасиринин алдында турган мамлекеттердин президенттеринин камалышына жол берген учур боло элек. Мисалы: Армениянын экс-президенти Роберт Кочарянды камашты эле, аны бир айга жетпей чыгарып алды. Ошондой эле Кыргызстанда дагы, Орусиянын таасири аябагандай күчтүү. Ошондуктан экс-президент Атамбаевди Орусия каматпайт деп мен ишенимдүү түрдө айта алам.  Экинчи себеби жаманбы жакшыбы президенттин коопсуздугуна кепилдик берген мыйзам азыр турат. Ал өзгөртүлгөн жок. Үчүнчү себеби бул регионалдык маселе, чүйлүк Атамбаевди, Сооронбай Жээнбеков каматыш бул аябагандай оор маселе. Төртүнчүсү болсо Сооронбай Жээнбековду президент кылып алып келген, анын бийлигин түзгөн Атамбаев болуп эсептелет. Эгерде аны камай турган болсо, Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин, моралдык фундаменти, таянычы, негизи сынып калат дагы, ал азыркы президенттин бийлигине чоң сокку уруп калат. Мына ушул себептер менен Атамбаевди камай алышпайт»,-деди Жээнбеков.

Количество просмотров: 29