Бишкек. 14.12.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге медициналык мекемелердеги коррупция маселеси качан токтоору жөнүндө бүгүн, 14-декабрда Коопсуздук кеңешинин отурумунда сурады.
Өлкө башчынын айтымында, бейтапканаларга киргенден чыкканга чейин акча алынат бирок, ал касса аркылуу болбойт.
Санариптештирүу саламаттыкты сактоо министрлигинде өтө начар жүрүп жатканын белгилөо менен бул ишти аткарууга эмне жетпей жатканына кызыкты.
Жарандардан түшкөн нааразычылыктардын көбү саламаттык сактоо министрлигине экенин өлкө башчы өз сөзүндо кошумчалап өтту.