• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Жээнбеков эгерде туугандарынын күнөөлөрү далилденсе аларды аябай тургандыгына убада берди

19 Бештин айы 2018 13:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.12.2018.Govori.TV.

Сооронбай Жээнбеков эгерде туугандарынын күнөөлөрү далилденсе аларды аябай тургандыгына убада берди. Бул тууралуу ал маалымат жыйында айтты.
«Апрель» телеканалынын журналисти айрым булактар боюнча Жогорку Кеңештин депутаты жана мамлекет башчынын кичүү иниси Асылбек Жээнбековдун шаар боюнча кабылдамалары бар экенин, ал кабылдамаларда мамлекеттик маселелер (кадр маселелери) чечилип жатканын айтып чыкты.

Сооронбай Жээнбеков конкреттүү фактыны айтууну суранды. «Видеого тарткыла, тастыктагыла. Кантип ал кадрдык маселени чечип жатканын таркыла, мен эч кимди аябайм», -деди президент.

«Ала-Арча»мамлекеттик резиденциясындагы бүгүнкү жыйында жергиликтүү жана эл аралыкмаалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Количество просмотров: 12