Жээнбеков Нью-Йорк шаарында Хаммаршельд атындагы китепканасында Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фото көргөзмөнү ачты
Жээнбеков Нью-Йорк шаарында Хаммаршельд атындагы китепканасында Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фото көргөзмөнү ачты
25 Аяк оона 201818:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.09.2018.Govori.TV.
Сооронбай Жээнбеков Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Д. Хаммаршельд атындагы китепканасында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фото көргөзмөнү ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, фото көргөзмөнү Кыргызстан, Россия жана Түркия бирге уюштурушкан.
«Биз, кыргызстандыктар, бул иш чаранын Бириккен Улуттар Уюмунун китепканасында өтүп жатканына чын жүрөктөн кубанычтабыз. Чыңгыз Айтматов доорубуздун классик жазуучусу, ойчулу жана даанышманы катары дүйнɵлүк деңгээлдеги инсан. Ал дүйнөнүн бардык элдеринин тилдеринде жашап жатат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.