• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

ЖК депутаттары чек арадагы жаңжалдан жабыркагандардан кабар алышты

3 Бугу 2021 23:55 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Айнура Осмонова, Айнура Аскарова, Наталья Никитенко, Евгения Строкова, Гүлшат Асылбаева жана Дастан Бекешев Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жабыркаган тургундардан кабар алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттар алардын ден соолугун, дарылоо кандай жүрүп жаткандыгын сурашып, жарадар болгондорго батыраак айыгып кеткиле деген каалоолорун айтышты.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Манаев азыр бул мекемеде 11 адам медициналык жардам алып жатышканы, алардын бирөө аскер кызматкери, калгандары жөнөкөй жарандар экендиги тууралуу маалымат берди. Ок тийип, жарадар болгондорго операция жасалган. Азыр алардын баары дарыгерлердин дыкат көзөмөлүндө.

Количество просмотров: 98