• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого канча акча кетет?

7 Жалган куран 202413:15 Бишкек Govori.TV

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн сметасын бекитти.

БШКдан маалымдашкандай, сметанын суммасы 23 млн 934 миң сомду түздү. Чыгымдар сметасында тѳмѳндѳгү чыгашалар эсепке алынган:

  • 11 778,0 миң сом — шайлоону уюштурууга борборлоштурулган чыгашалар: маалымдо, комиссияларджы окутуу, байланышты камсыз кылуу, маалымат материалдарын жана шайлоо бюллетендерин басып чыгаруу, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таркатылуучу материалдарды аймактарга жеткирүү ж.б;
  • 12 156,0 миң сом – эки округдук шайлоо комиссиясынын жана 143 участкалык шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылуу үчүн.

Шайлоону камсыз кылуу үчүн эки округдук комиссияга — 29 мүчө, 143 участкалык комиссияга – 1753 адам, автоматтык эсептѳѳчү урналардын — 66 оператору жана техникалык колдоо топторуна 35 адис тартылат.

2024-жылдын 5-мартына карата алдын ала маалыматтарга ылайык эки райондо 223 миң 560 шайлоочу бар.

Количество просмотров: 118