Бишкек. 31.05.2018. Govori.TV
Бүгүн, 31-майда парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев биринчи кезекте прокурорлор эмес, азыр мугалим-врачтар үйгө муктаж экендигин айтты.
«Мындан бир жума мурун ипотекалык компания арзан турак-жай берүүнү акча-каражаттардын жоктугуна байланыштуу токтоптур. Ал эми ноябрь айында маданият кызматкерлери үчүн көп батирлүү турак үйдүн курулушу башталган. Бирок ал дагы акча-каражаттын жоктугуна байланыштуу токтогон. Менимче бул туура эмес»-дейт депутат.
Ошондой эле депутат арзан турак-жай программасынан сырткары дагы үйлөрдү бөлүштүрүү адилетсиздик жүрүп жаткандыгын белгиледи.
«Өкмөт биринчи кезекте арзан турак-жай программасын токтотпой, акчаны таап улантышы керек. Анткени азыр бизде миңдеген врачтар, мугалимдер, маданият кызматкерлери жана мигранттар үйлүү болобуз деп узак мөнөттүү арзан пайыздагы кредитке жетсек деп үмүт кылып жүрүшөт»-дейт.
Мындан сырткары, прокуратура кызматкерлеринин көбүнүн үйлөрү бар экендигин жана мугалим, врач жана маданият кызматкерлерине окшоп, айлыкты гана күтүп жашабай тургандыгын айтып өттү.
Ошондуктан мугалимдер, врачтарга, маданият кызматкерлерине арзан турак-жай берүү убактылуу токтогону туура эмес, аны чукул арада каражат таап улантышы керек дейт депутат Жанар Акаев.