• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

ЖКнын комитет жыйынында бейөкмөт уюмдарын бир тараптуу жамандаган видео көрсөтүлдү

3 Тогуздун айы 2023 15:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети бүгүн, 3-октябрдагы жыйынында “Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоорун карап жатат.

Жыйындын башында бейөкмөт уюмдарды бир тараптуу жамандаган сегиз мүнөттүк видео көрсөтүлдү. Видеодо бейөкмөт уюмдар ЛГБТ пропагандасы менен алектенип, кирешелерин, Батыштан алган каражаттарын жашырып жатканы айтылган.

Андан соң “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүүлөр тууралуу демилгечи депутаттардын бири Надира Нарматова маалымат берди.

Аталган мыйзам долбоору ушул эле комитетке расмий түрдө 19-сентябрда биринчи окууга киргизилген. Ал күнү кворум болбогондуктан, мыйзам каралбай калган.

Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды “чет элдик тыңчы” деп атоого багытталган мыйзам 2013-2014-жылдары сунушталып, каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору, депутат Надира Нарматова анын атын «чет элдик өкүл» деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган.

Алар: КРнын ЖКнин депутаттары – Нарматова Н.А., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Кыдыкбаев Ж.С., Ташиев Ш.К., Алимбеков Н.К., Сулайманов К.К., Ханджеза К.Л., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А.Т., Сарыбашов Т.Н., Исмаилов Ф.Д., Кенжебаев А.Б., Матраимов И.И., Мамасадыков З.Д., Ражабалиев Н.А., Эрбаев А.Т., Токторбаев Ж.Ш., Сарбагышев М.К., Айжигитов С.А., Айдарова А.А., Сулайманов Э.Н., Түмөнбаев А.Т., Исаева Дж.К., Малиев А.К.

Ошол эле учурда айрым депутаттар авторлуктан кайра баш тартышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Буга чейин Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирген. Өкмөт мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок аны иштеп чыгуу зарыл экенин маалымдаган.

Теги:
Количество просмотров: 24