Абдирасулова Чубак Жалилов боюнча азырынча парламенттеги бир фракция жана бир комитет жооп кайтарганын кошумчалады. Декабрдын башында аталган уюм мурдагы муфтий жана Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалиловдун «депутаттардын да экинчи аялдары бар, мен никесин кыйып бергем» деген билдирүүсүн ырастоо же жокко чыгаруу талабы менен Жогорку Кеңешке, парламенттеги комитеттерге жана фракцияларга кайрылган