• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЖК комитети казинолорду кайра ачуу мыйзам долбоорун колдоду

21 Кулжа 2022 9:41 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 20-июнда кумарканаларды кайра ачуу каралган мыйзам долбоорун жабык карап, дароо экинчи жана үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Бул тууралуу билдирген депутат Дастан Бекешов фейсбуктагы баракчасына “мен мыйзам долбооруна каршы добуш бердим. Анткени бул Кыргызстанда онлайн-казинолордун ачылышына, кумар оюндарын жарнамалоого жол ачат. Жарандар баары бир казино ойнойт”, — деп жазды.

Өткөн аптада аталган комитет чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам бул долбоорун караган эмес. Анда депутаттар талкуунун түз эфирде көрсөтүлүшүн жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышкан.

Парламент өткөн айда бул долбоорду биринчи окууда колдогон.

Количество просмотров: 278