• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

ЖК комитети өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды

15 Кулжа 202017:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл 4-мартта биринчи окууда кабыл алган. Тармактык комитеттерде каралгандан кийин документ жалпы жыйынга чыгарылат.

Мыйзам долбооруна ылайык, коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө тийиш жана министрликтин сайтына ачык жарыяланат.

Долбоорго депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев жана Аида Исмаилова демилгечи болушкан. Маматалиев кийин авторлуктан баш тарткан.

Количество просмотров: 108