• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖК референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окуудан өткөрдү

9 Бештин айы 2020 10:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-декабрда жалпы жыйында Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окуда жактырды.

Жыйында долбоорго депутаттар Текебаев, Момбеков, Бекешев, Никитенко «каршы» добуш берди.

Эске салсак, 3-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап, жыйындын соңунда кворум болбой калгандыктан добуш берилген эмес.

Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров иштеп чыкканы жазылган. Ал эми бул долбоорду буга чейин экс-депутат Курманкул Зулушев сунуштаган. Ал эми Жапаров ошол эле долбоордогу референдумдун өтүүчү күнүн гана өзгөртүп чыгарганын билдирген.

Анын айтымында, эгер референдум 10-январда, президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү өтсө бюллетен басып чыгарууга 4 миллион сомдон ашуун, эгер өзүнчө өтсө 450 миллион сомго чейин каражат талап кылынат.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары конституциялык референдум өткөрүүгө байланышкан мыйзам долбоору жалпы сессияга комитетте тийиштүү түрдө каралбастан регламент бузуу менен сунушталганын айтышууда.

Эске салсак, 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашкан.

Количество просмотров: 66