Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-марттагы жыйында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Төраганын орун басары – Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Толонов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу, Джайлообай Нышанов.
Мыйзам долбоору менен демилгечилердин бири, депутат Улан Примов тааныштырды. Анын максаты Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетүү, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Тактап айтканда жаңы системада 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн депутат шайланып келет. Гендердик квотанын негизинде үч талапкердин бири айым болуусу шарт. Эгер депутат мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырса, кайра шайлоо өтпөстөн, депутаттык мандат тиешелүү округда эң көп добуш алган кийинки талапкерге берилет.