• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ЖК «Жайыттар» мыйзамын экинчи окууда кайра кароого жөнөттү

13 Чын куран 2022 12:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоору жайыттарды натыйжалуу башкарууга жана сарамжалдуу пайдаланууга, жайыттарды башкаруу жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Мындан тышкары, жеке жана юридикалык жактарга жайыттарды мергенчилик, балчылык, дары чөптөрдү, мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды чогултуу, туризм, балык уулоо үчүн жергиликтүү калктын кызыкчылыгын эске алуу менен 5 жылдык мөөнөткө (20 жылга чейин узарттуу мүмкүнчүлүгү менен) пайдаланууга берүү каралган.

Жыйында Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев баяндама жасап, үчүнчү окууга карата жазуу жүзүндө сунуштар келбегенин белгиледи.

Талкуу маалында депутат Нурланбек Азыгалиев Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундарынан келген кайрылуулар тууралуу сөз кылып: “Мыйзам долбоору боюнча элге толук түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Ошондуктан аймактарда түшүнбөстүктөр көп болууда”, – деди.

Ушундай эле пикирге токтолгон депутаттер Адахан Мадумаров, Дастан Бекешев, Султанбай Айжигитов, Миргүл Темирбаева мыйзамга коомчулук тарабынан нааразычылык көп экенин белгилешти.

Жыйынтыгында кайчы пикирлер арбын экендигине байланыштуу кеңири талкуулоо үчүн кайрадан экинчи окууга кайтаруу чечими кабыл алынды.  

Количество просмотров: 68