• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖКда Мадумаровдун ишин караган депутаттык комиссиянын корутундусу жабык каралууда

9 Жалган куран 2022 17:48 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокурордун сунушун караган депутаттык комиссия чечим чыгарды. Анын корутундусу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылып, депутаттардын сунушу менен маселе жабык эшик артында каралып жатат.

Буга чейин, депутат Исхак Масалиев комиссия Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокуратурага макулдук берүүдөн баш тарткандыгын билдирген.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунуштамасы 10-февралда келип түшкөн. Аны Башкы прокурор Курманкул Зулушев берген.

Ишти иликтеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Анын курамына Айбек Осмонов, Исхак Масалиев, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Динара Ашимова, Аманкан Кенжебаев, Азамат Исраиловдор кирген.

Количество просмотров: 86