• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күндүн ыргагы: Тууну өзгөртөлү деген Шакиев авторлор менен жолукту. Милиционер пара алып жатканда кармалды

24 Тогуздун айы 2023 18:04 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ МОНГОЛИЯНЫН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫН КАБЫЛ АЛДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда өлкөгө иш сапары менен келген Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэни кабыл алды. Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде соода-экономикалык тармактагы маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду.

Өз кезегинде Монголиянын премьер-министри Садыр Жапаровго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Монголия Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун жылуу саламын айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ал кыргыз тараптын Кытай Эл Республикасы, Россия Федерациясы жана Монголия ортосундагы эл аралык автомобилдик каттамдарды өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кошулуу демилгесин да колдоду. Жыйынтыгында тараптар практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнү улантууга макулдашты.

ТӨРАГА ТУУНУН АВТОРЛОРУ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлору Жусуп Матаев жана Бекбосун Жайчыбековдор менен жолугушуп, башкы мамлекеттик символду өзгөртүүгө байланышкан сунуштарын укту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Нурланбек Шакиев мамлекеттик туунун айланасында түрдүү пикирлер айтылып келгенин белгилеп, депутат Улан Примов менен бирге ошол пикирлерди эске алуу менен туудагы айрым элементтерге тактоо киргизүүгө байланышкан мыйзам долбоорун демилгелеп жатышканын билдирди.

Өз кезегинде мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан туунун баштапкы элементтери өзгөрүп кеткен учурлар арбын экенин айткан. “Баштапкы вариантын кайрадан карап чыгып, концепциясын сактоо менен айрым элементтерине тактоо киргизүүгө байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы эмеспиз. Келечекте такталган вариантын тандап алган соң, аны мындан ары өзгөртүүгө жол бербешибиз зарыл”, – деген ал.

Жолугушуу соңунда Медеткан Шеримкулов, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев 10 күн аралыгында туунун элементтерине тактоо киргизүү маселесин биргелешип кароо менен так вариантын алып келишерин билдиришти.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин сайтына мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлган. Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов. Алардын пикиринде, азыр туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү “күн караманы же боз үйдүн тышкы бетин элестеткен диллеманы пайда кылууда”. “Ошондуктан күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат” деп белгилешти авторлор.

Бул демилге коомчулукта ача-пикир жараткан болчу.

МИЛИЦИОНЕР КАРМАЛДЫ

Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө 19-октябрда Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Токмок ШИИБнин кызматкери, милициянын улук лейтенанты  178 000 сом алып жаткан жеринен кармалган.

Токмок ШИИБнин кызматкери арыз ээсинин уулун зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган.

Кармалган шектүү  УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

«ОЖАК КЕБАП» КАФЕСИ БУЗУЛДУ

Бишкек шаарынын Чүй/Шопоков көчөсүндө жайгашкан «Ожак кебап» кафеси буздурулду. Иштин жүрүшүндө жеңил конструкциялардан жасалган кошумча курулуш бузулуп, муниципалдык аймак бошотулуда.

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев билдиргендей, аталган кафе жөө адамдар өтө турган тротуардын аянтын ээлеп алган үчүн буздурулууда.

«Бул жер негизинен 5 жылдык ижарада болчу. Үстүбүздөгү жылдын 8-августунда комиссиянын чечимми менен ижара келишими жокко чыгарылган. Андан тышкары, өзүңүздөр байкагандай, тротуардын бөлүгүн ээлеп калган. Бул жерде буздуруп жатканыбыздын бирден бир себеби жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарды кеңейтүү» , — деган ал.

ОКУУЧУЛАРДЫН КҮЗГҮ КАНИКУЛУ

Жалпы билим берүү уюмдарында күзгү каникул 2023-жылдын 6-ноябрынан башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, каникул 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулуп, сабактар 13-ноябрдан башталат.

Белгилей кетсек, ноябрда кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алат.

Количество просмотров: 118