• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ЖКда референдум боюнча мыйзам долбооруна добуш берилген жок

10 Жалган куран 2021 15:05 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамды бүгүн, 10-мартта карады, бирок добуш берген жок. Экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүү тууралуу гана чечим кабыл алды.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында ушул эле маселе менен катар каралган башка мыйзам долбоорлорунун баары боюнча добуш берилди. Ал эми референдумга байланыштуу маселе добушка коюлбаганы айрым депутаттардын нааразы суроолорун жаратты.

Аларга жооп берип, төрага Талант Мамытов ал боюнча добуш берүү күн тартибине кирбегенин айтты.

«Ал үчүн аппарат (ред: Жогорку Кеңештин аппараты) тактап, күн тартибине киргизиши керек. Бүгүн добуш берүүгө аталган мыйзам долбоору каралган эмес», — деди ал.

Экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүү эртең, 11-мартта болору айтылууда.

Кыргызстанда быйыл 10-январда референдум өтүп, президенттик башкаруу формасы тандалып алынган. Парламент Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун 3-мартта биринчи окууда кабыл алган. Аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш берген, 21и катышкан эмес. Айрым депутаттар мыйзам парламенттин регламентин одоно бузуу менен кабыл алынып жатканын айтса, айрымдары андай болбогонун белгилеп жатышат.

Количество просмотров: 110