“Коопсуз шаардын” чыгып келген айып пулдарына макул эмес жарандар ал чечимге каршы арызы менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына кайрылса болот. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлайт.
Такталгандай, эреже бузуулар тууралуу токтом автоматтык түрдө траспорт каражатынын ээсине түзүлөт. Бузуулар Кодексине ылайык, токтом менен макул болбогон жарандар 10 күндүн ичинде арыз бере алышат.
“Ходатайстводо жол эрежесин бузуунун себеби жазылуусу керек. Ыктыярчылар чынында эле кайсы мекемеге байланганы тууралуу (Саламаттык сактоо министрлиги, оорукана, ЦСМ) маалым кат алып келүүсү керек. Ходатайствону өзү жеке же интернет аркылуу жиберсе болот. Арыз каралып чыккан соң расмий жооп берилет”, — деп билдирди мекемеден.
Кошумчалангандай, учурда мекеменин мониторинг борборуна жарандардан жана бирикмелерден 48 кайрылуу келип түшкөн, анда айып пулдар тууралуу 617 токтомду жокко чыгаруу суранычы келтирилген. Аларды ичинен 99 токтом жок кылынса, 145и күчүндө калган.
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус күчөп жатканда адистер жетишпей, ыктыярчылар адам өмүрүн сактоого билек түрө киришкен эле. Учурда ошол ыктыярчылар бейтаптарды оорукананга ташып жүрүп бузулган жол эрежелери үчүн жазылган айып пулдарды өздөрү төлөп жатканы айтылган.