• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жол жүрүү эрежесин бузган жөө адамдарга 500 сомго чейин айып пул салынат

20 Жетинин айы 2018 17:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.11.2018.Govori.TV

Жол жүрүү эрежесин бузган жөө адамдарга 500 сомго чейин айып пул салынат. Бул тууралуу Тилек Оторов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылда 20 миңге чукул жөө адамга эскертүү берилген.

«Жол эрежесин ар бир адам сакташы керек. Сактабаган учурда административдик протокол түзүлүп, 500 сомго чейин айып пул салынат. Бул боюнча биздин кызматкерлер тарабынан да түшүндүрүү иштери кызуу жүрүүдө. Жыл башынан бери эки миңден ашык жөө кишиге протокол түзүлүп, айып пул салынды. Ал эми 20 миңге чукул адамга эскертүү берилди», — деди Оторов.

Мындан сырткары ал ата-энелер жол эрежесин өздөрү бузуп, жаш балдарына тескери жагын көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 26