• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери кезексиз жыйынга чогулат

27 Тогуздун айы 2022 21:20 Бишкек Govori.TV

Эртең, 28-октябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы билдирет.

Сессиянын жүрүшүндө армения-азербайжан чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында Арменияга жөнөтүлгөн миссиянын ишинин жыйынтыгын талкуулоо пландалууда.

Ошондой эле Арменияга жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен чараларды кароо болжолдонууда.

Количество просмотров: 159