Бишкек.18.02.2019.Govori.TV.
Жогорку Кенештин басма сөз катчылыгынын башчысы Ибраим Нуракун уулу КТРКнын башкы директорлук кызматына талапкерлигин көрсөттү. Бул туулалуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.
«Урматтуу КТРКдагы кесиптештерим, мен сиздерге жетекчи болуп шайланып калсам, төрт жылдын ичинде эмгек акыңыздарды көбөйтүүгө убада бербеймин – эл көргөндү көрөбүз. Бийликтин камчысын чаппаган, ашкере демократиячыл уюм болуп кетебиз деп да айтпаймын. Анткени КТРКнын мамлекетибиздин маалымат саясатына көмөктөшүү вазыйпасы мыйзамда бекиген. Менин милдетим – сиздердин атыңыздарга чаң жугузбоо болот. Андан калса, билекти түрүнүп, сиздердин араңыздарда журналистиканын оор жүрүгүн бирге тартышууга жарамакмын.
Терең урматтоо менен,
КТРКнын Башкы директорлугуна талапкер Ибраим Нуракун уулу»,-деп жазган талапкер.
Ал эми КТРКнын башкы директорлук кызматына азыркы учурда 11 талапкер арызын бергени айтылууда.