Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу кызматтан кетүү арызын жазды. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.
«Бүгүн Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси кызматынан кетүүнү чечтим. Сиздер менен беш жылга жакын ачык-айрым, тыгыз байланышта иштедик. Баарыңыздарга ыраазылык билдирем», — деп жазды ал.
