• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

ЖКнын мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу түрмөдөн чыкты

21 Баш оона 202021:11 Бишкек Govori.TV

Уюшкан кылмыштуу топ түзүү» жана «Аткезчилик» беренелери менен Казакстанда, кийин Кыргызстанда да 10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу түрмөдөн чыкты.

Маалыматка караганда, Жогорку сот Дамирбек Асылбек уулун бошотуу тууралуу 19-августта чечим чыгарган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында жазасын өтөп жаткан. Жогорку сот мурдагы депутатка карата чыккан өкүм тууралуу маалымат бере элек.

Асылбек уулунун айрым партиялалаштары анын түрмөдөн чыкканы тууралуу укканын, өзү менен байланышпаганын айтышты.

Кыргызстандын Жогорку соту былтыр Дамирбек Асылбек уулун Жазык кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү («Уюшкан кылмыштуу топ түзүү») жана 204-беренесинин 4-бөлүмү («Аткезчилик») менен күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Анын жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 15-февралынан тартып эсептелет жана өкүмгө каршы даттанууга болбойт деп чечилген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылган Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга былтыр 18-ноябрда эстрадицияланган.

Количество просмотров: 52