• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ЖКнын жабык отурумунда кайсы мыйзамдар карала турганы белгилүү болду

24 Кулжа 2020 10:47 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйыны башталды. Кворум бар. Түз эфир менен камсыздай албайбыз, бирок kenesh.kg сайтынан добуш берүүнүн жыйынтыктары, күн тартибине коюлган маселелер боюнча маалымат алып турсаңыздар болот. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынын жетекчиси өзүнүн фейсбук баракчасына жайгаштырды.

маалыматка ылайык, бүгүнкү жыйындын күн тартиби төмөнкүдөй бекиди:

2020-жылдын 24-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартиби

1. “Ысык-Көл” биосфера аймагында сууларды агызып чыгаруу жана тазалоочу курулмалар жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Дж., Турусбеков Б.С., Тулендыбаев П.Р., Баймуратов К.Ш., Дюшалиев А.К., Акматов А.Ж., Гайпкулов И.Т., Султанов А.М., Жеенчороев М.К., Субанбеков Б.Ж., Эргешов А.М., Назаров А.К., Матраимов И.И., Исмаилова А.Ж., Жээнбеков А.Ш., Рыспаев К.Ж., Жунус уулу Адыл) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет)

2. “Ысык-Көл биосфера аймагын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамга, Жоруктар жөнүндө кодексине, Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Дж., Тулендыбаев П.Р., Баймуратов К.Ш., Мамытов Т.Т., Торокулов Д.Г., Токтошев Э.Т., Жээнбеков А.Ш., Рыспаев К.Ж., Жунус уулу Адыл) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет)

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 15.05.20дагы № 253 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет)

4. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Жээнбеков А.Ш., Осмонова А.Ш., Исаева Д.Ш.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

5. “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Аманкулов М.А., Бекешев Д.Д., Мавлянова М.Э., Эргешов А.М., Жунус уулу Алтынбек, Аттокуров Д.Б., Джураев С.М., Баймуратов К.Ш., Жунус уулу Адыл, Момбеков Р.Ч., Ормонов У.З., Сыдыков Б.У., Конушбаев Т.К., Жумалиев К.М., Исаев Ж.Б., Тотонов Н.Т., Жеенчороев М.К., Строкова Е.Г.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

6. “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Мамашова А.Т., Алтыбаева А.Т., Асылбаева Г.К., Исаева Д.Ш., Исмаилова А.Ж., Карамушкина И.Ю., Касымалиева А.К., Кодуранова А.С., Мавлянова М.Э., Молдобекова Г.С., Мусабекова Ж.А., Никитенко Н.В., Осмонова А.Ш., Туманбаева Р.М., Орозова К.Б., Самат Г.К., Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Сурабалдиева Э.Ж., Аскарова А.А.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

7. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 18.12.19дагы № 694 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

8. “Саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 01.08.19дагы № 392 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

9. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 16.09.19дагы № 476 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

10. “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар
Бекешев Д.Д., Турусбеков Б.С.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

11. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Мыйзамга, Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 06.12.19дагы № 668 токтом) (Бюджет жана финансы боюнча комитет)

12. “Саясий партиялар жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Алтыбаева А.Т., Алимбеков Н.К., Бакиров М.И.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

13. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Эл аралык чукул жардам жөнүндө”, “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө”, “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Сулейманов Б.И., Баатырбеков А.Б., Алимбеков Н.К., Нурбаев А.М., Примов У.Б., Икрамов Т.И., Токторов А.С.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

14. “Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 24.01.20дагы № 28 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

15. “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Нурматов К.С., Конушбаев Т.К., Бакиров М.И., Масабиров Т.А., Жамалдинов З.И., Арапбаев А.А., Алыбаев О.А.) (Бюджет жана финансы боюнча комитет)

16. “Дашман массиви” жана “Сары-Челек” жаӊгак-жемиш реликт токойлорунун өзгөчө статусу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Эргешов А.М., Бакиров М.И., Иманалиев К.К.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет)

17. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салык кодексине, Токой кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Эргешов А.М., Бакиров М.И., Иманалиев К.К.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет)

18. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 19.03.20дагы № 171 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет)

19. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, Салык кодексине жана “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Нурбаев А.М., Султанов А.М., Байбакпаев Э.Дж., Айдаров С.А., Алыбаев О.А., Арапбаев А.А., Осмонова А.Ш., Акаев Ж.К., Сулайманов А.Т.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет четке кагууну сунуштайт, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет)

20. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет)

Количество просмотров: 146