• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ЖМК мыйзамы боюнча түзүлгөн жумушчу топ жыйындан эмне үчүн чыгып кетти? (комментарийсиз)

18 Бугу 2023 13:34 Бишкек Govori.TV

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн Президенттик администрация менен чогу түзүлгөн жумушчу топтун кезектеги жыйыны 16-майда өткөн жок.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Айылчиев жумушчу топтун иштөө мөөнөтү узартылбаганын билдирди.

«Жумушчу топтун мөөнөтү буга чейин бир нече жолу узартылган. Белгилүү болгондой, топтун иш мөөнөтү 15-майда бүткөн, узартылган жок. Менимче, бир нече ай аралыгында жемиштүү иштедик десек болот. Биз бүгүн жаран катары мыйзам долбоорун талкууласак болот»,-деди ал.

Долбоорду иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумуш тобундагы медиа тармактын өкүлдөрү алардын иштөө мөөнөтү аяктаганын айтуу менен жыйындын легитимдүүлүгү боюнча меселе көтөрүштү. Ошондой эле президенттин администрациясы мыйзам долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ менен талдабай туруп коомдук талкууга чыгарганын сынга алып, мыйзам долбоорун беренелер боюнча талкуулоодон баш тартышты.

Жумушчу топтун мүчөсү, Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков мыйзам долбоору бир тараптуу болуп калганын айтат.

Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун документти 15 майда коомдук талкууга чыгарган.

Былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюлган. Өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер долбоорго нааразычылыгын билдирип чыккан.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн былтыр декабрда жумушчу топ түзүп, президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчи болгон.

Количество просмотров: 71