• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ЖМК мыйзамы парламент комитетинде биринчи окууда каралууда

15 Үчтүн айы 2024 14:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралып жатат.

Маданият, маалымат, cпорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулунун айтымында, 1992-жылкы мыйзам эскирди.

«КРдин Министрлер кабинети тарабынан «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамынын жаңы долбоору демилгеленди. Колдонуудагы мыйзамдын укуктук ресурсу түгөнүп, азыркы коомдун реалдуу турмушуна ылайык эмес, ошондуктан жаңы мыйзамды кабыл алуу зарылчылыгы ачык көрунүүдө. Мыйзам долбоорун биринчи окууга киргизип жатабыз»,-деди ал.

Президенттин администрациясы 2022-жылы сентябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” долбоорду коомдук талкууга чыгарган. Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

“Адилет” укуктук клиникасынын юристтери аталган мыйзам долбоорунда адам укугун жана эркиндигин чектеген олуттуу алешемдиктер, тобокелдиктер бар экенин белгилеп келет.

Количество просмотров: 57