• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ЖМК мыйзамы: Президенттик администрация долбоордун бешинчи вариантын сунуштады

15 Бугу 2023 9:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бийлик жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамдын ордуна сунуштаган жаңы долбоорунун бешинчи вариантын сунуштады.

Маалым болгондой, 16-майда документти беренелер боюнча талкуулоо болот. Деген менен жумушчту топтун иштөө мөөнөтү 15-майда аяктамак.

«Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топ алардын иштөө мөөнөтүн узартуу тууралуу президент Садыр Жапаровго кат жолдоду.

Президенттин администрациясы 2022-жылы сентябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” долбоорду коомдук талкууга чыгарган. Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келе элек.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

Бийлик 1992-жылкы мыйзам эскирди деп эсептейт. Жумушчу топ 2023-жылдын 1-мартына чейин аталаган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарышы керек болчу. Бирок мыйзам долбоорун толуктап, иштеп чыгуунун мөөнөтү 15-майга чейин узартылган. “Адилет” укуктук клиникасынын юристтери аталган мыйзам долбоорунда адам укугун жана эркиндигин чектеген олуттуу алешемдиктер, тобокелдиктер бар экенин белгилеп келет.

Количество просмотров: 82