• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖМК: Орусия «кол салуу армиясынын» 70% украин чек арасына жакын жерге жайгаштырды

7 Бирдин айы 2022 14:33 Бишкек Govori.TV

Орусия Украинага толук масштабдуу кол салуу үчүн зарыл болгон аскердик күчүнүн жана техникасынын 70% жакынын украин чек арасына жакын жерге жайгаштырды. Бул тууралуу Reuters жана Washington Post басылмалары АКШнын Чалгын кызматындагы өз булактарына шилтеме кылып кабарлашты.

Маалыматка караганда, Украинанын чек арасына жакын жердеги орусиялык батальондук топтордун саны 83кө жетти. Мындан тышкары дагы 14 топ жолдо бара жатканы кабарланды.

Булак бир жума мурда эле чек арага жакын аймактагы орус батальондорунун саны 60ка жакын болгонун белгилеген. Басылмалардын билдирүүсүндө бул санга Буларустагы «Союздук чечкиндүүлүк» деп аталган аскердик машыгууларга барган орусиялык жоокерлер кошулган-кошулбаганы көрсөтүлгөн эмес.

Бир батальондук топто 750гө жакын аскер кызматкери бар. Washington Post гезити Украинанын чек арасына жакын жердеги жана аннексияланган Крым жарым аралындагы орусиялык аскерлердин жалпы саны 100-130 миң деп бааланып жатканын жазууда.

Орусия кеч күздөн бери Украина менен чек арасына жакын аймактарына аскерин жана аскердик техникаларын топтоп жатат. Соңку жумаларда Украинанын түндүгүнө жакын Беларустун аймактарына да орус аскерлери жөнөтүлгөн.

Батыш менен Киев Орусия жакын арада Украинага кол салышы мүмкүндүгүн эскертип келет. Москва мындай ниети жок экенин, аскерлер машыгуу максатын гана көздөй турганын билдирип, Батышка «Украина НАТОго мүчө болбошу керек» деген талап коюуда.

Количество просмотров: 970